1. Программалык аккредитация

Өзүн-өзү баалоо боюнча отчёт

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи окуу процессин үч баскычтуу билим берүү программасына ылайык жүргүзөт:

  • 1 – деӊгээл –башталгыч жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 4 жыл) 1-4 класс;
  • 2 – деӊгээл – негизги жалпы билим берүү  (нормативдик окуу мөөнөтү 5 жыл) 5-9 класс;
  • 3 – деңгээл–  орто (толук ) жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 2 жыл) 10-11 класс.

Аккредитациялануучу программалардын тизмеси:

  •  негизги жалпы билим берүү программалары;
  •  орто жалпы билим берүү программалары.

1987-жылы Бостери айылында үч кабаттуу заңгыраган мектеп ишке берилген. Имараттын ички аянты 5585,6 м2. Мектептин жалпы территориясынын аянты 3,74 га. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1176 окуучуга жана 30 класска  ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө 1110 окуучу окуйт, анын  554 кыздар жана 556 эркек балдар. Алардын ичинен эң жакшы окугандардын саны 92, орто окугандардын саны 232, калгандары канаттандырарлык баага окушат. Биздин мектепке Бостери айылынан тышкары Бактуу-Долоноту айылынан жана Чолпон-Ата шаарынан окуучулар келип окушат.

2022-2023-окуу жылында 42 класс комплектиленип окуп жатат.

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин миссиясы:

  1. Улуттук салттарды урматтаган, заманбап жана жеткиликтүү билимге ээ болгон,  руханий дөөлөткө бай инсанды калыптандыруу
  2. Математика жана табигый илимдери багытындагы предметтерди терең үйрөтүүнү камсыз кылуу.

Мектеп жетекчиси:  Атаев Бактыгул Сабырбекович

Мектептин юридикалык күбөлүгү: каттоо номери 97128-3302-М-е, ИУЖК коду 20204101, ИСН 01901200710037, сериясы ГПЮ № 0010962

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалымат:

  • Сертификат №СС190000332
  • Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Мамытов көчөсү 66.
  • Жайкашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Мамытов көчөсү 66.
  • Сертификаттын мөөнөтү: 15.10.2023-ж.
  • Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15-октябрындагы №1283/1 буйругу

“Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи” мекемеси тиркемеде көрсөтүлгөн программа (программалар) боюнча аккредитациядан өткөндүгүн тастыктайт.

1.1. Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу
1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу
2.2. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
2.4. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу2.4.1. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
2.5. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу
2.6. Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
2.8. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
3.1. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу
4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
4.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

маалымат коопсуздугу

Үй блөөлүк зордук зомбулуктан коргоо

Зордук зомбулукту алдын алуу

Экстремизмди алдын алуу

Суицид

Чектен чыккан жүрүм турумду аныктоонун методикасы

Терроризмди алдын алуу