Аккредитация

Өзүн-өзү баалоо боюнча отчёт

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи окуу процессин үч баскычтуу билим берүү программасына ылайык жүргүзөт:

1 – деӊгээл –башталгыч жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 4 жыл) 1-4 класс;
2 – деӊгээл – негизги жалпы билим берүү  (нормативдик окуу мөөнөтү 5 жыл) 5-9 класс;
3 – деңгээл–  орто (толук ) жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 2 жыл) 10-11 класс.
  Аккредитациялануучу программалардын тизмеси:

  •  негизги жалпы билим берүү программалары;
  • орто жалпы билим берүү программалары.

1987-жылы Бостери айылында үч кабаттуу заңгыраган мектеп ишке берилген. Имараттын ички аянты 5585,6 м2.

Мектептин жалпы территориясынын аянты 3,74 га. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1176 окуучуга жана 30 класска  ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө 1110 окуучу окуйт, анын  554 кыздар жана 556 эркек балдар. Алардын ичинен эң жакшы окугандардын саны 92, орто окугандардын саны 232, калгандары канаттандырарлык баага окушат. Биздин мектепке Бостери айылынан тышкары Бактуу-Долоноту айылынан жана Чолпон-Ата шаарынан окуучулар келип окушат.

2022-2023-окуу жылында 42 класс комплектиленип окуп жатат.

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин миссиясы:

Улуттук салттарды урматтаган, заманбап жана жеткиликтүү билимге ээ болгон,  руханий дөөлөткө бай инсанды калыптандыруу
Математика жана табигый илимдери багытындагы предметтерди терең үйрөтүүнү камсыз кылуу.

Мектеп жетекчиси:  Атаев Бактыгул Сабырбекович

Мектептин юридикалык күбөлүгү: каттоо номери 97128-3302-М-е, ИУЖК коду 20204101, ИСН 01901200710037, сериясы ГПЮ № 0010962

Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалымат:

Сертификат №СС190000332
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Мамытов көчөсү 66.
Жайкашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Мамытов көчөсү 66.
Сертификаттын мөөнөтү: 15.10.2023-ж.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15-октябрындагы №1283/1 буйругу
“Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи” мекемеси тиркемеде көрсөтүлгөн программа (программалар) боюнча аккредитациядан өткөндүгүн тастыктайт.

тел. номерлери: +996708686036
сайты: https://jeenbaev.mektebim.kg
электрондук почтасы: [email protected]