Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Бардык мектептерге 1-класска балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» системасы аркылуу ишке ашырылат

2022-2023-окуу жылынан баштап республиканын бардык билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы (6-7 жаштагы) балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат.

post.title

«Электрондук каттоо» системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп саналат.

Система 3 жылдан бери апробациядан өткөн. Апробациянын жыйынтыгы менен Мектепке электрондук кабыл алуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Негизги өзгөчөлүктөр:

1. Мектеп курагындагы (6-7 жаштагы) балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу республиканын бардык билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.

2. Адам фактору мүмкүн болушунча алынып салынды.

3. Мектепке электрондук кабыл алуу жыл сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:

— юридикалык жашаган жери боюнча – үстүбүздөгү жылдын апрелинин экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып үстүбүздөгү жылдын июнь айынын акыркы жумасына чейин. Быйыл 11-апрелде башаталат. Системага кирүү саат 09:00 башталат;

— факты боюнча жашаган жери – үстүбүздөгү жылдын июль айынын биринчи дүйшөмбүсүнөн тартып үстүбүздөгү жылдын август айынын акыркы жумасына чейин.

4. Паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркөөнүн кереги жок. Жашаган жеринен маалым кат талап кылынбайт.

5. Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

— үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

— тиешелүү күбөлүк көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектеп мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

6. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча 1-класска балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» системасынан тышкары мектепке түз кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат.

Дагы бир өзгөчөлүгү – республикадан тышкары жерде жүргөн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр бул система аркылуу баланы мектепке каттай алышат.

Мектеп курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) бардык балдар (Кыргыз Республикасынын жардамчы мектептерине жана класстарына кабыл алынуучу балдардан тышкары) 1-класска алардын даярдыгынын деңгээлине карабастан, «Электрондук каттоо» системасына катталуу аркылуу аныкталат.

Балдарды 1-класска кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.

Каалаган мектепте орун жок болсо, ата-эне/мыйзамдуу өкүл «Электрондук каттоо» системасы аркылуу бош орун бар мектепке катталат.

Каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне/мыйзамдуу өкүл бош орундар бар мектептерди тандап, «Электрондук каттоо» системасы аркылуу катталат.

Менчиктин аралаш жана жеке менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдары каалоосу боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо процессине катыша алат.

БИМдин сайтынан алынды

Бөлүшүңүз