Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи.

Бостери айылында биринчи мектеп 1918-жылы Кызыл тоонун түбүндө Бактайдын кара багында эски мечитте ачылган.

Мамбетаалы менен Үметаалы «балдар окуусун» деп он эки канаттуу эки чоң боз үйдү тиктирип  беришкен.

Бостериден чыккан биринчи мугалим качканак тегин Өмүркан Кожомрберди уулу болгон. Ал Алма-Атадан билим алган, абдан шыктуу,чыгаан,тубаса педагог агартуучу

инсан болгон. 1922-жылы оорудан каза болгон.

1921-жылы мектеп Бостери айылынын так ортосунда Мусабайдын корооосуна көчүрүлүп келген.

Эки жылча балдар боз үйдө, жерге отурушуп окушкан.

1923-жылы Жума молдонун үйү жана анын жанындагы мечит мектепке бошотулуп берилет.Ошондо кичинекей-кичинекей төрт бөлмө болгон.

Башталгыч класс тар болгондуктан 2-сменада сабак өтүлгөн.

1933-1934-жылдары толук эмес орто мектебине айланган. Ошол эле жылы колхоз- «Кеңеш», «Бирдиктүү», «Үчүнчү беш жылдык»- мектепке ар бири бирден класс салып берген. Класстарга доскалар илинип,парталар жасалып,Кызыл чаптын топурагынан бор бышырылып,

ата- энелер кыштоодон көңдү казып,токойдон отундарды даярдап мектептин корооосуна жыйып кышында класстарды жылытышкан.

1937-38-ж орто мектепке айланган. Ошол жылы 1-класска келген балдар 1947-1948-жылы 18 окуучу аттестатка ээ болушкан.

Жылына 1 класстан улап отуруп,узатасынан 14 класстан турган 2 узун там курулуп, мектеп аянтында ботаникалык бак, спорт аянты болгон.

1918-1924-ж билим берүү араб алфавитинде жүргөн

1924-ж-Латын алфавитинде өтүшкөн.

1942-ж-Кирилица алфавитинде  өтүшкөн.

 

Ата-энелер мектептен эч нерсесин аяшкан эмес керектүү имараттарды бекер салышып ,жыл сайын кайра оңдоо жумуштарына чоң салым кошкон усталар Маргоз уулу Үсөнбай, Абыке, Асанкан, Мекей, Мусабай,Керимаалы 20-к 30-50-ж мектептин курулушун темир жана жыгач усталык иштерин бекер бүтүрүшкөн. Бостери мектебинен билим алган окуучулар Асан Шаршемби уулу, Токторбай Атай уулу,Жайылкан Алжанбай уулу,Жапар Мадыбай уулу,Казыбаев Ш, Өмүралиев Шербакун, Малаев Сатынбай, Мамбетбаев Чапе, Борсокбаев Султан, Мусаканова Ажар,Бурма эже,Жамалкан эже,Мусаканов Султанаалы,Бүбүш эже ж.б. мектепти ийгиликтүү аякташып көпчүлүүгү Кыргызстандын булуң-бурчтарында мектеп директору болуп иштешип,балдарга татыктуу билим беришип,мамлекеттик жетекчилер илимпоздор,окумуштуулар билимдүү адамдар биздин мектептен көп чыккан.

Тактап айтканда 2 академик

1.Аман Мамытов топурак изилдөө боюнча акедемик.

2.Кусейин Исаев социолог, экономист, философ 10дон ашык илимдин доктору.

 

1. Абдылдаев Табылды философия илиминин доктору.

2.Орозобаков Т. Физика математика илиминин доктору.

3.Маймеков З. техника илиминин доктору.

4.Мамытова Т. Медицина илиминин доктору .

5.Шайымбетов Б.-Медицина илиминин доктору.

6.Айтуганов М.-Ветеринария илиминин доктору.

7.Абдылдаев Талант-Медицина илиминин доктору.

8.Касымбеков Бейшебай- Ветеринария илиминин доктору профессор.

9.Молдошев Темир- Милицианын полковниги.

10.Байбосунов Табылды- Профессор Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер «Даңк» медальнын ээси.

11.Асамудинов Бактыбек- Милициянын полковниги

12.Молдошев Нурлан-Милициянын полковниги

13.Кадыралиев Аскер- профессор, медицина илимдери боюнча 3 кандидаттык, 1 доктордук диссертациясын жактаган.

14.Абдыкадыров Тынчыбек-география илиминин кандидаты Ысык-Көл мамлекеттик университетинин доценти, 24 илимий, 10 усулдук эмгектердин ээси.

15.Урматова Жылдыз-Философия илимдеринин доктору,профессор.

16.Атаев Сагын- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аудит отличниги, Кыргыз Республикасынын 2-класстагы кеңешчиси.

Алган сыйлыктары: КРнын эсеп палатасынын финансы министри ардак грамоталары менен сыйланган.

17.Айтурганов Марат-Технология илимдери боюнча доктор.

18.Табылды Абдылдаев -Философия илимдеринин кандидаты, профессор.

 

 

120 дан ашуун илимдин кандидаттары чыккан.

1987-ж 3 кабаттуу заңгыраган алдыңкы заманбап талабына ылайыктап курулган мектеп ишке киргизилди. Мектептин курулушуна зор салым кошкон                                                         ата-энелер комитетинин төр агасы Асанкожо Орозкожоев мектеп директору Султанаалы Мусакановдун эмгеги зор.  Ошол учурда иштеген мектеп коллективи да жаңы окуу жылына чейин мектепти бүтүрүү үчүн, каникул учурунда эс албастан шыбак,сырдоо,тазалоо иштерине жардам беришкен.

Мектепте баардык шарттар түзүлгөн. Кабинеттик системалар,көрсөтмө куралдар,

Лингивистикалык кабинет,химиялык лабараториялык кабинет приборлору менен ж.б. Алгачкы убакта 1500дөй окуучулар болуп орус жана кыргыз класстар ачылган.

1987-жылга чейин Бостери орто мектеби болуп келип,Х.Жээнбаев атындагы мектеп деп аталган.  ( К.Исаев Бостери жана Бостериликтер)

Хасан Жээнбаев

Өмүр баяны

Жээнбаев Хасан (1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы –1937-ж. атылып, сөөгү 1992-ж. Чоң таштагы Атабейит көрүстөнүнө коюлган) –мамлекеттик жана партиялык ишмер.
1918-жылдан балдар үйүндө тарбияланган. 1919-ж. Айыл чарба. мектебин, 1926-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүткөн.
1926–37-ж.ж. совхоздук жана партиялык кызматтарда. 1928–29-ж.ж. Украина КП(б) Кадиевск районунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
1933–35-ж. Базаркоргон райкомунун катчысы, Кыргыз обкомунун уюштуруу жана айыл чарба. бөлүмүнүн башчысы, 1935-ж. Кыргыз обкомунун 2-катчысы.
1937-ж. июлда Кыргызстан КП(б) БКнын 2-катчылыгына шайланган.
1937-ж. репрессияланып, 1957-ж. толук акталган.

https://ky.wikipedia.org/wiki/Хасан_Жээнбаев

Биз жөнүндө

2013-ж лицей статусун алган.Ошол мезгилден бери ушул статусту сактап  келе жатабыз.

Азыркы учурда мектеп көп ийгиликтерге жетишти. Тактап айтканда:

1993-жылы 2 окуучу алтын медалга ээ болуп артыкчылык аттестат менен бүтүшкөн. Алар: Асылбекова Айжан,Саякбаева Айдай.

ЖТР боюнча окуучуларыбыз 40-50% босого балынан өтүшөт.Мектеп ичинде кружок иштери бар.Кесипке багыт берүү курстары иш алып барат.

1.Повар-офицант.                                                                           2.Тигүүчү.                                                                                                3.Гид-экскурсовод.

Азыркы учурда Х.Жээнбаев мектеп-лицейинин коллективи билимдүү илимпоз,келечек ээлерин даярдоодо талыкпай эмгектенишет.

 

 

 

Эмблема

 Биз жөнүндө

 

 

Мектеп- лицейинин  концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектеп-лицейинин усулдук темасы

«Окуучуларды окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуу менен билим деңгээлинин жогорулатуу»