Усулдук иш – мектеп жетекчилиги тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин жыйындысы, билим берүү ишинин негизги түрү, мугалимдердин класстык жана сабактан тышкары иш-чараларда, жаңы технологиялар боюнча издөө, билим жана тарбия ишин жакшыртуу, аларды үйрөнүү.
Усулдук кызматтын миссиясы:
- Мектепти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана илимий – медотикалык жактан колдоо;
- Иш-чара түзүү жана ишке ашыруу боюнча бирдиктүү усулдук окуу саясаты;
- Окуучунун абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;
- Методикалык иштин системасын түзүү жана мектеп мугалимдеринин кесиптик өнүгүшүнө өбөлгө түзүү;
- Мектеп мугалимдеринин ыкма мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү;
Методикалык иштин максаты – мугалимдердин педагогикалык көндүмдөрүн жогорулатуу билим берүү технологияларын ишке ашыруу жатында алардын кесиптик билим берүү жараянынын натыйжалуулугун камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
Маселелер:
- Маалыматтык технологиялардын негизинде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
- Окутуунун жаӊы ыкмаларын жана жолдорун издөөгө окутуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
- Билим берүүдөтажрыбасы мол,чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо, маалыматтарды жайылтуу.
- Мугалимдердин новатордук ишке катышып, мониторинг изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кесиптик чеберчилик конкурстарга катышууга түрткү берүү.
Усулдук бирикменин ишинин негизги багыттары:
- Билим берүүнүн жаӊы стандарттары менен иштөө боюнча даярдоо.
- Окуучулардын билим алуусундагы кемчиликтерди жоюудагы методикалык иштер.
- Аралык жана жыйынтык контролдоону уюштуруу.
- Өз алдынча билим берүүмаселелери боюнча мугалимдердин ишин жана өзүнүн ишин талдоо, уюштуруу.
- Мугалимдерге сабактын түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө усулдук көмөк көрсөтүү боюнча иштер.
- Предметтик жумалыктарды уюштуруу жана өткөрүү.
- Аттестацияланган мугалимдердин иш тажрыйбаларын жыйынтыгы УБнин жыйынындагы чыгармачылык тажрыйбалардын жалпылаштыруу отчету.
- Мектепти жакшыртуу ишинин көндүмдөрүн пландоо, мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарын эске алуу менен мектептин ишин анализдөө.
- Насаатчылык. Жаш мугалимдерге жардам.
Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин усулдук бирикмелери жана жетекчилери:
- Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Искакова Шарапат Аскарбековна.
- Орус тили жана адабияты мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Жузупова Роза Куланбаевна
- Чет тилдер мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Керималиева Гульмира Турсунгазыевна.
- Математикалык усулдук бирикмеси. Жетекчиси — Турусбекова Алмагул Качкыновна.
- Социалдык илимдеринин мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Акунова Аида Идрисовна.
- Искусство, технология жана ден соолук маданияты мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Абдыжалыев Нурлан Абдыжалыевич
- Табигый илимдеринин мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Шамырканова Дамира Досукаевна.
- Башталгыч кыргыз класстарынын мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Токтобаева Дилбара Абдыкадыровна
- Башталгыч орус класстарынын мугалимдеринин УБ. Жетекчиси — Тезекова Гулмира Кыштобаевна