Ооган коогалаңынын аяктаганына 34 жыл.
https://www.instagram.com/reel/Copv592DfBI/?utm_source=ig_web_copy_link
14-февраль 2023-жыл.
Бүгүн биздин билим ордобузда Ооган коогалаңынын аяктаганына 34 жыл,
Баткен коогалаңынын аяктаганына 23 жылдыгынын урматына арналган иш-чара болуп өттү.
Эл үчүн деп соккон кыргыз жүрөгү
Унутпастан аны айтып жүрөлү
Кана курбум, бүгүн сен да эстечи
Кимдин сокпойт кыргыз үчүн жүрөгү-
демекчи бүгүнкү кечени мектептин
китепканачысы Жолочиева Нурзат Жолочиевнанынын жетекчилиги астында Ооган согушунун ардагерлерине жана Баткен согушунун ардагерлерине ошондой эле аталарыбыздын, агаларыбыздын,
бир туугандарыбыздын жаркын элесине арналган кече мыкты деңгээлде өттү.
Кеченин коноктору:
Ооган согушунун ардагерлери.
Асаналиев Кубанычбек Качкынович.
Конокбаев Таалайбек Кожомбердиевич.
Жапаров Алмаз Дүйшекеевич.
Ысык-Көл районуну боюнча Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Сыйдыев Айбек Анарбекович.
Баткен согушунун ардагери
Колесников мектебинин директору
Калпаев Алмаз Асанович.
Кечени мектептин директору Атаев Бактыгул Сабырбекович конокторго калоо-тилектерин айтып ачып берди.
Кечеге Ысык-Көл районунун
Билим берүү бөлүмүнүн методиси
Шамырканов Жээнбай Садыкович да катышып куттуктоо сөзүн айтып кетти.
Кече окуучулардын өнөрлөрү менен коштолуп абдан кызыктуу болду.
Күн жетип, мына эми жеңиш бизде,
Согуштун оор күнү калды эсте.
Эл үчүн жанын курман кылгандарды,
Эстейбиз жеңиш менен бүткөн күндү.
Андыктан ар бир кыргызмын-деген адамдын жүрөгүндө «Эч ким, эч нерсе,эч качан унутулбайт » деген ыйык сезим жашасын демекчибиз.
Комментарии