Ш.Казыбаев агайдын элесине арналган математикадан олимпиада.
Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Хасан Жээнбаев атвндагы мектеп-лицейинин чоң жыйын залында ардагер мугалим Казыбаев Ширгебай агайдын элесине
арналган математикалык олимпиада аяктап жеңүүчүлөр аныкталды,агайдын үй-бүлөсү демөөрчүлүк көрсөтүп,жалпы байге фонду 1000$ ды түзөн белектерди
үч тайпага бөлүштүрүп 6-7-8-9-10=11-класстарга тапшырышты.
1-орунга Red mi 12c (3 даана телефон)
2-орунга плашет (3 даана планшет)
3-орунга акылдуу саат (3 даана саат)
жана грамоталар ыйгарылды.
Тапшыруу аземине Айыл Өкмөтүнүн өкүлдөрү,жергиликтүү депутаттар,агай менен чогу иштеген ардагер мугалимдер,агай тарбия таалим берген окуучулары,
балдары,неберелери келип куттуктоо сөзүн айтышты,эскеришти.
Мектептин жааматына жана окуучуларына өзгөчө маанай тартуулашты,жакшы сөздөр,калоо тилектер айтылып,балдарга стимул мотивация беришти.
Келечекте жылда өткөрүп туруу пландалды.
Олимпиада Бостери айылынан келечектеги илимпоз жаштарды даярдап чыгуу максатында уюштурулуп жатканын баса белгилеп кеткибиз келди.
Мектептин администрациясы жана жааматты башкы демөөрчүсү Асан Бектурсуновичке терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана келечекте
биздин окуучуларыбыздын арасынан мыкты илимпоздор чыгарына ишенебиз.
Комментарии