Кургак учук боюнча акция.
28-март 2023-жыл.
Бүгүн И.Абдуразаков мектеп-лицейинде 24-март «Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө» карата РБББ жана Кызыл ай коому менен биргеликте
райондук спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чарага А.Осмонов,А.Мамытов,Т.Атаев жана ошондой эле биздин мектептин окуучулары барып катышып келишти.
Ар бир мектептин окуучулар командалары спорттун түрлөрү боюнча мастер класс жана Кургак учук оорусунун жугуу жолдору,оруудан сактануунун эрежелери
тууралуу презентация жасап,дубал газеталарын жакташты.
Биздин мектептен 10-9-класстын окуучулары барып активдүү катышып келишти.
Жыйынтыгында 5-мектептин окуучулар командаларына «Кызыл ай коому»тарабынан ыраазычылык кат беришти.
https://instagram.com/hasanjeenbaevschool_official_?igshid=ZGUzMzM3NWJiOQ==
Комментарии