«Бала чак -2023»-конкурсунун жеңүүчүсү Албан Турдубеков.
Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейин уюткулуу мектеп деп атасак болот.
Бул мектептен белгилүү окуумуштуулар,коомдук ишмерлер,жазуучулар көптөгөн белгилүү инсандар чыккан.
Азыркы учурда да таланттуу окуучуларыбыз көп.
Алардын катарын толуктаган сегизинчи класстын окуучусу Турдубеков Албанды айтсак болот.
Албан кичинекей кезинен эле музыкага кызыгып,Чолпон-Ата шаарындагы Карамолдо Орозов атындагы мектептен билим алат.
Албан өзүнүн тырышчаактыгы талыкпаган эмгеги менен көптөгөн эл аралык сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ
болуп жүрөт.
Кече жакында эле Бишкек шаарында өткөн «Бала чак-2023″4-Эл аралык конкурста 1-орунду алып келди.
Келечекте көптү үмүттөндүргөн биздин окуучубуз Албанга ийгиликтерди каалайбыз.
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан инсандардан болуп чоңойушуна тилектешбиз.
Комментарии