Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин жыйындар залында, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадылов Калыбек Аманатовичтин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү.
Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин жыйындар залында, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жумадылов Калыбек Аманатовичтин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга мектеп директору Атаев Бактыгул Сабырбекович жана мугалимдер жамааты,
укук коргоо органдарынын, райондук түзүмдөрдүн башчылары, айыл Өкмотүнүн башчысы Сопуев Курманбек Момунбаевич аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Албетте
көптөгөн суроолор болду.Алардын арасында бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси жер тилкелери боюнча көптөгөн суроолор берилди.Ар бир суроого тиешелуу жетекчилер жооп берип жатты.
Мындан сырткары таза суу, туризм, саркынды суу, айылдын тазалыгы жана башка суроолор берилип, тургундар жоопторду алып жатышты.
Мындай жолугушуулар тез- тезден болуп турса , эл менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда тыгыз байланыш болот деген ойдобуз.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен иш-чара план түзүлүп тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилээрин билдирди.
Белгилей кетсек, калк менен жогорку бийликтин жана укук коргоо органдарынын башчыларынын жолугушуусу башка айыл аймактарда да өткөрүлүүдө.
https://www.instagram.com/reel/CpqDVtMDMnL/?utm_source=ig_web_copy_link
Комментарии