Спорт- ден соолуктун булагы, ийгилик- ынтымактын башаты.
Бүгүн биздин мектепте даанышман мугалим Атаев
Токтосун агайыбызды эскерүү күнүнө арналган мугалимдер арасында турнир өттү.
Бул турнирге алты мектептен командалар келишти.Мелдеш абдан кызуу өттү десек болот.
Турнирдин максаты мектептер арасындагы достук мамилелерди чыңдоо.
Биздин мектептин агайлары биринчи орунду багынтышты.Ал эми эжейлерден куралган команда үчүнчү орунду ээлешти.
Азаматсыңар биздин агай, эжейлер!
Сыйлыктарды агайдын кызы Атаева Майрам Токтосунова тапшырды.Акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.
Комментарии