Ата-энелер чогулушу.
15-март 2023-жыл.
Билим ордобузда ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Чогулуштун негизги максаты болуп балдарга туура тарбия берүү,мектеп менен ата-эненин тыгыз байланышы.
чогулушка ИДНдин инспектору Ашымалиева Нагима Олжобаевна катышты.
Нагима Олжобаевна балдардын тартиби жана акыркы учурдагы балдар арасындагы көйгөйлөр жөнүндө сөз кылды.
Ошондой эле мектеп директору Атаев Бактыгул Сабырбелович ата-энелерди мектеп менен тыгыз мамиледе болуусун жана кандайдыр бир маселе
болсо мектептин официалдуу сайтындагы онлайн кутуча баракчасына жазса болоорун айтып өттү.
hhtps://jeenbaev.kg/ru/kontakty/
Чогулушта ата-энелерда балдардын тарбиясы жүрүм туруму тууралу өз ойлору менен бөлүшүп отурушту.
Бүгүнкү чогулуш жакшы жыйынтык берет деп ишенебиз.
Комментарии